Кытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылатОш – Кашкар багыты боюнча түз авиакаттам ачылдыКыргызстандын агроэкспортунун үлүшү бир жылда 8,8%дан 13,3%га өстү
Былтыр жарандар топтомо фонддон 490 млн сом алып кеткен
29.10.2024 | 10:39
2023-жылы Кыргызстандын жарандарына топтомо фонддон 490 млн сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун директору парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Былтыр топтомо фонддон акча алган жарандардын саны:
Пенсияга чыгып,топтомо фонддогу акчасын алгандар – 12 миң 256 адам
Кыргызстанга башка өлкөгө көчүп кеткендер – 426 киши
Каза болгон камсыздандырылган адамдардын мураскорлору – 1 миң 261 киши
Аскер кызматкерлери – 66 адам
Оор илдетке чалдыккандар – 175 киши
Эскерте кетсек, жарандар айлыгынан Социалдык фондго төлөгөн 10% акчанын 2%ы топтомо фондго түшөт. Бул акчаны жарандар пенсияга чыгып жатканда же ага чейин дарылануу үчүн, ипотеканы төлөөгө, башка өлкөгө кетип жатканда жана башка учурларда ала алат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом