COP31: Кыргызстандын павильонунда климаттын тоо туризмине таасири талкууландыБишкекте Манас көчөсүндө бир акцияда 6 миң көчөт отургузулдуМуниципалдык мүлктү жергиликтүү кеңештин макулдугусуз күрөөгө коюу сунушталуудаБишкекте балдардын коопсуздугу боюнча ата-энелер чогулуштары өттүЖапаров Жети-Өгүз жана Тоң тургундарынын кайрылууларын кароону тапшырдыЭркин Болжуров — фотография, кино, президенттер жана живописке кайтуу жөнүндө
Грек-рим балбандары дүйнө чемпионатында байгесиз калды
29.10.2024 | 11:23
Кыргызстандын грек-рим балбандары Албанияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында байгесиз калды.
Күрөштүн олимпиадалык эмес салмактары (55, 63, 72, 82 кг) боюнча чоңдор арасында дүйнө биринчилиги кечээ, 28-октябрда башталган.
Кыргызстандын атынан таймашка чыккан Улан Муратбек уулу (55 кг), Ырыскелди Хамзаев (72 кг), Азат Салидинов (82 кг) биринчи беттешинде, ал эми Дастан Кадыров (63 кг) экинчи кармашында жеңилүү ызасын тартты. Аларды уткан балбандар финалга чыга албай калгандыктан, кыргызстандык спортчулар коло үчүн күрөштү улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.
Бүгүн дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча таймаштар өтөт. Кыргызстандан ага эч ким катышпайт. Ал эми эртең, 30-октябрда эркин күрөш боюнча беттештер башталат.