Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Кыргызстанда бир жумада 237 мас айдоочу кармалды
29.10.2024 | 09:22
Кыргызстанда бир жумада 237 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
21нен 27-октябрга чейин 18 миң 682 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 783 унаа айып короого коюлган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 555;
- Мас абалында унаа айдоо – 237;
- Унаа айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 51;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 326;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 202;
- Автоээнбаштык – 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3492;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 миң 137.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом