Базар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү8-мартта тынчтык акциясын өткөрүүгө уруксат сурап, президентке кайрылуу жасалдыОш шаарында үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө белек берилдиЖакында эле эркиндикке чыккан Даниэль Ажиев кайрадан кармалдыЕӨБ Кыргызстандагы «жашыл» жана энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымдады
Эки айда 41 млрд сомдон ашык салык чогулду
03.03.2025 | 15:50
Быйыл январь-февраль айларында 41 млрд сомдон ашык салык чогулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки айга коюлган план 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ошондой эле былтыркы жылдын январь-февраль айына салыштырмалуу салык 10,7 млрд сомго көп жыйналган.
Андан тышкары 12 млрд 911,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул пландан 811,3 млн сомго көп. Былтыркы жылдын эки айына караганда камсыздандыруу төгүмдөрү 1,2 млрд сомго көп чогултулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика