Кыргызстанда унаалардын жүргөн жолун азайтып көрсөткөндөргө айып пул салуу сунушталуудаАлгачкы жолу Кыргызстанда басылган 20 жана 50 сомдук жаңы банкноттор жүгүртүүгө чыктыМинистрлик: Караколдо Ысык-Көлгө саркынды суулар куюлуп жатат делген маалымат тастыкталган жокАзия кубогу-2027: Кыргызстан Иран, Сирия жана Кытай менен бир тайпада ойнойтБорбор Азиянын суу көйгөйлөрүн чогуу чечүү керек — окумуштууКыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Эки айда 41 млрд сомдон ашык салык чогулду
03.03.2025 | 15:50
Быйыл январь-февраль айларында 41 млрд сомдон ашык салык чогулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, эки айга коюлган план 4 млрд 91,8 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Ошондой эле былтыркы жылдын январь-февраль айына салыштырмалуу салык 10,7 млрд сомго көп жыйналган.
Андан тышкары 12 млрд 911,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналган. Бул пландан 811,3 млн сомго көп. Былтыркы жылдын эки айына караганда камсыздандыруу төгүмдөрү 1,2 млрд сомго көп чогултулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика