Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
ӨКМ өрт коопсуздугу боюнча 110 ооруканага эскертүү берди
11.03.2025 | 10:08
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча 110 оорукананы текшерип, өрт коопсуздугун сактабагандарга эскертүү берди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканаларды текшерүүнү күчөтүү тапшырмасы 11-февралда Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим-изилдөө институтунда чыккан өрт кырсыгынан кийин берилген.
Министрлик текшерүүдөн өткөн 110 ооруканадагы өрт коопсуздугу боюнча негизги бузууларды атады:
– имараттарда автоматташтырылган сигналдардын жоктугу;
– алгачкы өрт өчүрүүчү каражаттардын (огнетушитель) жетишсиздиги;
– суу өтүүчү түтүктөрдүн эскилиги;
– электр энергиясын бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн ачык турушу;
– электрощиттердин кооптуу жайгашуусу;
– эвакуациялык кошумча эшиктердин, жолдордун ачык эместиги.
Ошондой эле өрт коопсуздугу сакталбаган ооруканалардын жетекчилигине 30 күн берилген. Эгерде бул убакыт ичинде аныкталган мүчүлүштүктөр жоюлбаса, 23 миң сом айып пул салынары эскертилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом