Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанда 15-мартта биринчи жолу Аталар күнү майрамдалат
12.03.2025 | 15:03
Кыргызстанда 15-мартта – Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Министрлик билдиргендей, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы филармонияда “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
“Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанда Аталар күнү негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат. Аталар күнү эс алуу күнү болбойт.
https://reporter.kg/myjzamga-kol-koyuldu-atalar-kyny-zhyl-sajyn-15-martta-majramdalat/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом