БШК: Ош, Манас шаарларында жана Өзгөн районунда айрым шайлоо участокторунун даректери өзгөртүлдүКыргызстанда токойлордун жалпы аянты 1 млн 273 миң гектарга жеттиКыргызстан соттук-экспертиза тармагындагы реформаларын 40 өлкөдөн келген 1150 катышуучуга тааныштырдыТоң районунда мамлекетке 49 млн сомдук 29,9 гектар жер кайтарылдыКыргызстанда автоунаалардын ызы-чуусун өлчөө жана нормадан ашкандарга айып пул салуу демилгеленүүдө — мыйзам долбооруАлимжанова ДЦП менен ооруган балдарды реабилитациялоого квотаны көбөйтүүнү суранды
Кыргызстанда 15-мартта биринчи жолу Аталар күнү майрамдалат
12.03.2025 | 15:03
Кыргызстанда 15-мартта – Аталар күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Министрлик билдиргендей, 15-мартта саат 12:30да Т. Сатылганов атындагы филармонияда “Аталар күнү” аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт.
“Аталган иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоого, үй-бүлөлүк ынтымакты бекемдөөгө жана аталарга болгон урмат-сыйды арттырууга багытталган”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстанда Аталар күнү негизделген. Ал быйыл биринчи жолу майрамдалат. Аталар күнү эс алуу күнү болбойт.
https://reporter.kg/myjzamga-kol-koyuldu-atalar-kyny-zhyl-sajyn-15-martta-majramdalat/
Рубрики: Жаңылыктар, Коом