7-ноябрда өлкөдө күн ачык жана жылуу болот«Бул сыйлык меники эле эмес» — Зухра Шидакова Достук ордени жөнүндөАрабаев атындагы КМУда заманбап журналистиканын көйгөйлөрү боюнча конференция өттүКоомдук ишмер, академик Жамин Акималиев 90 жашында дүйнөдөн кайттыБишкектин 9 жана 10-кичи райондорунда 10-ноябрда суу болбойтКыргызстан менен Сальвадор виртуалдык активдерди жөнгө салуу боюнча меморандумга кол коюшту
Кеминдеги бала бакча мамлекетке кайтарылды
12.03.2025 | 14:53
УКМК мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткен Чүй облусунун Кемин шаарындагы бала бакча мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2004-жылы бала бакчаны Кемин райондук администрация башчысынын мурдагы орун басары Ч.А.Т.нын жакын тууганы менчиктештирген.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында бала бакча 40 сотых жери менен мамлекетке кайтарылган. Ошондой эле Кемин шаарынын мэриясына бала бакчаны кайрадан куруу маселесин тез арада шаардык кеңештин кароосуна коюу сунушталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар