2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болотСүлүктүдө шахта урап, бир кенчи каза болду — ӨКМКытайлык ишкана күн жана шамал электр станцияларын курууга 1 млрд доллар инвестиция салууга кызыкдарДанияр Токтотемиров: «Өлүк жандар» тирилүүдөЭртең Бишкекте фонтандар сезону ачылатКытай менен чек арадагы көзөмөл-өткөрмө пункттары майрам күндөрү убактылуу жабылат
Президенттин Жалал-Абаддагы өкүлү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун текшерди
29.05.2025 | 13:07
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы иштердин жүрүшү менен таанышты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда темир жол өтүүчү аймакка электр чубалгыларын тартуу иштери 95%га бүттү.
Узундугу 12 километр болгон тоннелди, эки жумушчу шаарчасын жана темир-бетон конструкцияларын чыгаруучу заводду куруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Курулушка 200дөн ашык адам жана атайын техникалар тартылган.
Текебаев экологиялык нормаларды сактап, бардык иштерди өз убагында бүтүрүү зарылдыгын белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар