Бишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайыБишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекитти
Тата Улан: аялдардын укугун колдойм, бирок бузукуларга каршымын
10.03.2020 | 17:40
Бишкекте өткөн аялдардын укугун коргоо боюнча акцияга ырчы Тата Улан да келди.
Ал акцияга жалпы кыргыз үчүн келгенин айтып, кыргыз эли илгертен аялдардын укугун коргоп келгенин белгилеп өттү.
“Биздин элибиз эаялдарды сыйлап келген. Ошол сыйдын артында үрп-адат, каада-салт болгон. Мен аялдардын укугун коргойм. Бирок эркек менен эркек, аял менен аялдын бири-бирин сүйгөнүн колдобойм. Бул бузукулук”, – деди ал.
Бишкекте аялдардын укуктарын коргоого арналган акцияга 500гө жакын адам келди. Акцияны колдоп келгендердин арасында экс-президент Роза Отунбаева, активисттер жана коомдук ишмерлер жүрдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом