Кыймылсыз мүлктү сатууга өз алдынча тыюу. Дастан Бекешевдин түшүндүрмөсүБишкек менен Душанбе парламенттик кызматташууну күчөтүүнү талкууладыКыргызстанда окуу жылы 15-сентябрда башталат — себептериКыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалымат
Космосбек Чолпонбаев: Коронавируска байланыштуу мектептер карантинге жабылбайт
13.03.2020 | 12:44
Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү мектептер карантинге жабылбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
“Биз бул маселени штабда карадык. Негизи карантиндин да өзүнүн эрежелери бар. Эгер окуучулардын 25 пайызы сабакка келбей калса карантин жарыяланат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мектептерде сабакка келгендер 95 пайызды түзүүдө. Мындан улам мекетептерде карантин жарыялоого негиз жок. Окуучулар 20-мартта каникулга тарайт”, – деди Чолпонбаев.
Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом