Таласта 1,4 млн сомдук медициналык бет капты ташып бараткан адам кармалды

Таласта 1,4 млн сомдук медициналык бет капты ташып бараткан адам кармалды

Таластагы “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө бекетинен 1 миллон 400 миң сомдук медициналык бет капты ташып бараткан жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматы билдирет.

Чек ара бекетинен 33 жаштагы кыргызстандыктын башкаруусундагы Volvo FM12 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда курак жемиштер салынган мүшөктүн асытна катылган 95 600 даана бет кап табылган.

Кармалган мыйзамсыз жүктүн болжолдуу базар баасы 1 400 000 сомду түзгөн.

Топтолгон материалдар мыйзамга ылайык каттоого алынып, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, февраль айынын башында медициналык каражаттарды өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган.  [su_image_carousel source=»media: 23303,23302,23301″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>