Кыргызстан менен Түркия соода жаатында кызматташууну бекемдөөдөКазакстанда алгачкы жолу КМШ өлкөлөрүнүн жарманкесин өткөрүү пландалуудаКыргызстандын 500дөн ашык мамлекеттик кызматкери Кытайга окууга жиберилетЫсык-Көлдө ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн накрологдорунун жыйыны өттүБаткенде бажы кызматкери пара берип жатканда кармалдыӨзбекстандын калкы 38 млнго жетти
Жеңиш чокусундагы кырсык боюнча ИИМ текшерүүнү баштады
27.08.2025 | 17:23

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы “Жеңиш” чокусунда кырсыкка кабылган россиялык альпинист Наталья Наговицына боюнча тергөөгө чейинки текшерүү баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-августтан бери Наговицына 7 100 метр бийиктикте бутунан жаракат алган бойдон калган. Айрым булактарда анын каза болгондугу мүмкүн экени тууралуу да айтылууда.
Бул факты ИИМдин “Маалыматтарды каттоо журналы” автоматташтырылган маалыматтык тутумуна катталган.
Министрлик текшерүүнүн алкагында чокуга чыгууну уюштурган туристтик компаниянын ишмердүүлүгүнө да юридикалык баа берилерин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар