Кыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жататБШК Мирлан Жээнчороевди Жогорку Кеңештин депутаты деп тааныды
Агартуу министрлиги: Билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат
12.09.2025 | 14:41

Агартуу министрлиги билим берүү уюмдарында ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынганын эскертти.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык бала бакчалардын жана мектептердин мугалимдери жана башка кызматкерлери, ата-энелер, коомдук фонддордун жана башка уюмдардын жетекчилери тарабынан ар кандай мыйзамсыз акча чогултууга катуу тыюу салынат.
“Бул талапты бузуу күнөөлүү жактарды жоопкерчиликке тартууга алып келет. Мындай фактылар аныкталган учурда ата-энелер жана мыйзамдуу өкүлдөр дароо укук коргоо органдарына кайрылууга милдеттүү”,- деп билдирди министрлик.
Бул тыюу салуу төмөнкү мыйзамдарда каралган:
- Административдик укук бузуулар жөнүндө кодекси;
- Президенттин 2023-жылдын 26-майындагы «Балдарга акысыз мектептик билим алуу укугун камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктерин жүзөгө ашыруу чаралары жөнүндө» №136 жарлыгы;
- Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 1-июнундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык орто билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салуу жөнүндө» №3363/1 буйругу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом