Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Милицияга каршылык көрсөткөн жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди
22.09.2025 | 10:43

20-сентябрда түнкү саат 01:00дөр чамасында 2002-жылы туулган А.Н. аттуу жаран мас абалында милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, агрессивдүү аракет кылып, адепсиз сөздөрдү айткан. Ошондой эле кызматкерлер өз милдетин аткарып жаткан учурда каршылык көрсөткөн.
Бул факт Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин материалдарды эсепке алуу журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Милиция кызматкерлери тарабынан А.Н.ге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протокол түзүлүп, соттун чечими чыкканга чейин ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.