Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
ИИМ: Интерпол аркылуу издөөдө жүргөндөр кармалды
02.10.2025 | 17:01

Ички иштер министрлиги өлкөдөн тышкары тергөөдөн жана соттон качып жүргөн адамдарды издөө боюнча иштерди улантып жатат. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
Окуянын чоо-жайы:
- 2024-жылдын 18-декабрында Бишкектин Октябрь РИИБине жаран Ф.Ж. арыз менен кайрылып, 2021-жылдын август айында Түркиядан эмерек алып келүүгө 100 миң АКШ доллары аванс алган дүкөн кызматкерлери милдетин аткарбай качып кеткенин билдирген.
- Кыргызстандын жана Түркиянын ИИМдери жүргүзгөн иш-чаралардын негизинде Түркия аймагынан жаран К.Г. кармалып, Кыргызстанга алынып келинип, тергөө органдарына өткөрүлүп берилди.
Мындан тышкары, 2025-жылдын 12-сентябрында Вьетнам аймагынан 1999-жылы туулган жаран Т.А. кармалган. Ал Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык, эски редакция) боюнча эл аралык издөөдө болгон. Учурда аны Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер жүрүүдө.
ИИМдин маалыматына ылайык, бул иштер Башкы прокуратура жана УКМК менен биргеликте аткарылды.