Нарынга 1000 сом менен учабыз: «Асман Эйрлайнс» болуп көрбөгөндөй акция баштайтЧеберчилик, кайрат жана тартип — Бишкекте армиялык кол уруш боюнча КР чемпионаты өттүБерлинди штурмдоо: кыргызстандык Хашимжан Самиевдин эрдиги жана кошкон салымыӨКМ өлкөнүн айрым аймактарында сел жүрүүсү мүмкүн экенин эскерттиКелечектин кесиби жана таза энергетика: Бишкекте “Атомдук сабак” болуп өттүКыргызстанда 2026-жылы 12 жаңы өнөр жай ишканасы ачылат
Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
14.03.2026 | 14:06

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазды. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы Reporter.kg редакциясына тастыктады.
Бүгүн 14-мартта БШК Ташиевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карайт. Жыйын түштөн кийин өтөрү күтүлүүдө.
Эскерте кетсек, 13-мартта Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинде суракта болгон. Ал кайсы иш боюнча сурак бергени тууралуу маалымат берилген эмес. Шайырбек Ташиев – УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат