2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болот
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) жарандарды турак жай менен камсыздоо ыргагын бир топ жогорулатууну пландап жатат. 2026-жылы 20 миңден ашык үй-бүлөнү өздүк батир менен камсыздоо көздөлүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радиодогу» түз эфирде МИКтин төрагасынын биринчи орун басары Нургазы Атаканов билдирди.
МИКтин өкүлүнүн айтымында, эгер 2025-жылы 4 662 үй-бүлө турак жай алган болсо, үстүбүздөгү жылы бул көрсөткүч төрт эседен ашык өсүшү керек. Ал белгилегендей, мамлекеттик компаниянын алдына коюлган негизги максат — турак жайга муктаж болгон ар бир жаранды баш калкалоочу жай менен камсыз кылуу.
Учурда республика боюнча 80 миңден ашык ипотекалык батирдин курулушу жүрүп жатат. Курулуп жаткан объекттердин аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөнкүдөй:
- Бишкек: 22 996 батир;
- Чүй облусу: 22 440 батир;
- Жалал-Абад облусу: 12 900 батир;
- Ысык-Көл облусу: 9 317 батир;
- Ош облусу: 7 402 батир;
- Баткен облусу: 4 116 батир;
- Талас облусу: 814 батир;
- Нарын облусу: 569 батир.
Нургазы Атаканов президент Садыр Жапаров салынып жаткан үйлөрдүн санына гана эмес, сапатына да артыкчылыктуу маани берип жатканын баса белгиледи. Мамлекет башчысы жаңы үйлөр бардык заманбап стандарттарга жана коопсуздук ченемдерине жооп бериши үчүн ар бир курулуп жаткан объектке катуу көзөмөл жүргүзүүнү талап кылууда.
«Президент ар бир курулуп жаткан батирдин сапатына өзгөчө көңүл бурууну талап кылууда. Милдет так коюлган: ар бир жаран ишенимдүү жана сапаттуу турак жай менен камсыз болушу керек», — деп белгиледи МИКтин жетекчисинин орун басары.