«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирдиБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуАбсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулдуУКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталдыКыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңди
Ош-Бишкек жолундагы унаа кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды (фото)
10.07.2019 | 09:37
Бишкек — Ош унаа жолундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 6 адам жаракат алганын Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, кырсык 9-июль күнү саат 15:30 чамасында, Кара-Көл шаарында болгон.
Анда ” Фольксваген” автоунаасы менен “Рено” жүк ташуучу автоунаасы кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен “Фольксваген” унаасындагы 66 жана 64 жаштагы эки адам каза болуп, 6 адам ар кандай жаракаттарды алып оруканага жеткирилген.
Бул факты кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кырсыктын себептери иликтенип жатат.
Рубрики: Окуялар