Коррупциянын эсебинен чогулган акчалар менен жаңы мектептерди курууну каржылоо башталды

Коррупциянын эсебинен чогулган акчалар менен жаңы мектептерди курууну каржылоо башталды

Коррупция менен күрөштөн өндүрүлгөн  акча каражаттардын эсебинен  жаңы мектептерди курууну каржылоо башталды.  Бул тууралуу Президенттик апппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жалпысынан Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн бирдиктүү эсептен 799,3 млн сом бөлүнгөн.

Бишкек шаарындагы оңдоло турган 7 мектеп:

  • № 12-мектеп-гимназия,
  • № 69-комплекс-гимназия,
  • № 54-орто мектеп,
  • № 18-орто мектеп,
  • № 59-орто мектеп,
  • № 72-мектеп-гимназия,
  • № 16-орто мектеп.

Чүй облусунун аймагында кошумча корпус курула турган  7 мектеп:

  • Новопавловка орто мектеби,
  • Ат-Башы орто мектеби,
  • Орок орто мектеби,
  • Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп,
  • Төмөнкү-Ала-Арча мектеби,
  • Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп,
  • Новопокровка айылындагы № 2 Баранов атындагы мектеп.

Ош шаарынан  № 7 Нариман мектеп-гимназиясы каралган.

Сооронбай Жээнбеков 6-февралда Бишкектеги мектептердин абалы менен таанышып коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчалар жаңы мектептерди курууга жумшаларын айткан.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>