Бишкекте 5 миң жумуш орду сунушталган кесиптер жарманкеси өтөт

20.04.2026 | 10:27

23-апрелде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында Бош орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү уюштурулат. Иш-чара саат 10:30да башталат.

Эмгек министрлигинин маалыматында, жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышат. Анда өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация тармактары боюнча 5 миңден ашык бош орун сунушталат.

Иш-чарада катышуучулар иш берүүчүлөр менен маектешип, бош орундар тууралуу маалымат ала алышат. Ошондой эле ишке орношуу жана резюме түзүү боюнча кеңештерди, кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат алышат.

Мектеп окуучулары үчүн кесиптик багыт берүүчү тесттер жана викториналар уюштурулат. Ошондой эле калкты иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери кесиптик окутуу, акысыз кыска мөөнөттүү курстар жана кайра даярдоо программалары боюнча маалымат беришет. Эмгек инспекциясынын жана чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү консультацияларды өткөрүшөт.

Иш-чараны Эмгек министрлигине караштуу Бишкек шаардык калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана аталган университет өткөрүүдө. Максаты — жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана эмгек рыногундагы бош орундар тууралуу маалымдоо.

Scroll to Top