Ажылык сапары 11-майдан тарта башталат: КМДБ өлкөгө кирүүнүн катаал эрежелерин эскертти
11-майда кыргызстандыктардын алгачкы тобу ажылык милдетин аткаруу үчүн Сауд Арабиясына жөнөп кетет. Зыяраттын башталар алдында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) жарандар чек арадан өтүүдө так сактоого тийиш болгон эрежелер камтылган толук эскертмени жарыялады.
Мекемеден баса белгилешкендей, Сауд Арабиясынын мыйзамдарын билүү жана сактоо сапарды жеңилдетип, зыяратчылардын убактысын үнөмдөйт.
Ар бир зыяратчы үчүн негизги талаптардын бири — Nusuk идентификациялык картасынын болушу. Бул документсиз Меккеге жана ыйык жерлердин аймагына кирүүгө кескин тыюу салынат. Карта ошондой эле базалык кызматтарды алуу үчүн да зарыл.
Картаны кантип алса болот:
- Зыяратчыларга физикалык бейжикти ажылыкты уюштуруу боюнча штабда топтун жетекчиси (ажы башчы) берет.
- Документтин санариптик версиясы Сауд Арабиясынын расмий — Nusuk жана Tawakkalna мобилдик тиркемелеринде жеткиликтүү.
Сауд Арабиясынын («Акчаны адалдоого каршы аракеттенүү жөнүндө») мыйзамдарына ылайык, өлкөгө кирип жаткандар бажы декларациясын толтурууга милдеттүү. Бланктарды паспорттук көзөмөлдөн өтөр алдында аэропорттон алууга болот.
Милдеттүү түрдө декларацияланууга (декларацияда көрсөтүлүүгө) тийиш болгондор:
- 60 миң риалдан (болжол менен 16 000 АКШ доллары) ашкан суммадагы накталай акчалар, финансылык инструменттер жана баалуулуктар.
- Жалпы баасы 3 миң риалдан ашкан жүк, товарлар же белектер.
- Лимиттен ашкан тамеки буюмдары (200 даана сигареттен же 500 грамм тамекиден ашык).
- Дары-дармек препараттары, дрондор жана атайын жабдуулар.
Бул буюмдарды декларациялоодон баш тартуу падышалыктын мыйзамдары боюнча юридикалык жоопкерчиликке алып келет. Форманы толтуруунун өзү 5–10 мүнөттөн ашык убакытты албайт.
Сауд Арабиясына бир катар товарларды алып кирүүгө кескин тыюу салынат. Алар табылган учурда жоопкерчилик толугу менен жүргүнчүнүн мойнуна жүктөлөт.
Тыюу салынгандардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:
- алкоголь жана ар кандай баңгизаттар;
- адеп-ахлак жана ислам ченемдерине карама-каршы келген материалдар;
- электрошокерлер жана тыңшоочу түзүлүштөр;
- лазердик приборлор (кубаттуулугу 5 мВтка чейинки кызыл көрсөткүчтөргө гана уруксат берилет);
- фейерверктер, салюттар жана башка жарылуучу заттар;
- чайноочу тамеки;
- катталбаган медициналык препараттар (анын ичинде бойдон түшүрүүчү таблеткалар);
- кола жаңгактары жана мускат порошогу;
- жасалма акча.
КР КМДБнын ажылык бөлүмүнүн өкүлдөрү зыяратчылардан өздөрүнүн өздүк буюмдарына өтө кунт коюп мамиле кылууну суранышат. Жолдогу коопсуздуктун башкы эрежеси — кандай гана жагдай болбосун, чоочун адамдардан жүк же посылкаларды албоо керек, анткени тыюу салынган буюмдар табылган учурда мыйзам алдында аны алып бараткан адам жооп берет.