Беловодское айылында Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып 150 түп дарак тигилдиБекешев Жогорку Кеңештеги кадрдык дайындоолорго УКМКнын кийлигишүүсү тууралуу айттыБайтик айылынан «Ала-Арча» паркына чейин веложол курулуудаКытайлык компаниялар Кыргызстандын курулуш тармагына инвестиция салууга кызыкдар11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштады
Бир суткада 556 кишиден COVID табылып, 4 адам каза болду
24.10.2020 | 11:53
Соңку суткада коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алып, бул илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1130га жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Маалыматка караганда, каза болгондор Баткен, Чүй, Ош облустарында жана Бишкек шаарында даарыланып жатышкан.
Ал эми бир суткада 556 киши коронавирус жуктуруп алса, 287 бейтап илдетти жеңип чыккан.
24-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 55 миң 144 болду. Ал эми 47 миң 337 адам айыгып чыккан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом