Ошто токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды

Ошто токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды

Ош шаарында токтоп турган жеринен жоголгон унаа Токтогулдан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облусттук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-октябрга караган түнү Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган кызыл түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны белгисиз кылмышкерлер эшигин ачып, айдап кеткен. Бул окуя боюнча бүгүн эртең менен Ош ШИИБнен Жалал-Абад ОИИБне билдирүү түшкөн.

“Жалал-Абад облусунун жол кыймылын тескөөчү инспекторТоктогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда-Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу, Ош облусунун тургуну 1994-ж.т. Х.Р.унаадан түшүп, жөө качып жөнөгөн. Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтогон эмес. Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган», — деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерден эч ким денесинен жаракат алган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>