Кара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду«Кыргызнефтегаздын» Директорлор кеңешинин жаңы курамы шайландыКадамжайда мечиттин садака кутучасынан акча уурдаган шектүү жаран кармалдыСергей Кожемякин: көп векторлуулук доору аяктап баратат, БА өлкөлөрүнө тандоо жасоого туура келетБаңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталдыБишкекте жасалма интеллекттин жардамы менен жасалган дизайн боюнча сынак өтөт
22-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
21.08.2019 | 17:21
Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 22-августта түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;
Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 21…26;
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 32…34°.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом