Өкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салдыСадыр Жапаров Пакистандын парламентинин жетекчилери менен жолугуштуБишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан үчүн деңизге чыгууга жол ачылат. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты
Шайлоо – 2021: Жогорку Кеңешке талапкерлерди каттоо күнү такталды
01.09.2021 | 12:56
Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, партиялар шайлоо күнү жарыяланган күндөн тарта документтерин тапшыра баштаса болот. Ал эми партия 14-октябрга чейин талапкерлердин тизмесин тактап БШКга өткөрүп бериши керек. Өзүн-өзү көрсөтүп чыккан талапкерлер болсо, 14-октябрга чейин тиешелүү документтерин тапшырышы зарыл.
Ошол эле маалда саясий жарышка катышууда баш тарткысы келген партиялар 18-ноябрга чейин, өзүн-өзү көрсөткөндөр 25-ноябрга чейин арыз калтырышы милдет.
Быйыл шайлоо аралаш шайлоо система менен өтөт. 54 депутат саясий партиялар менен (пропорционалдык система), калган 36 мандат округдардан өзүн-өзү көрсөткөндөр (можаритардык система) шайланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат