Кыргызстанда Банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтРоссия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп бердиКРда акчаны адалдоо үчүн 1 миллион сом айып салуу жана фирмаларды жабуу сунушталуудаБишкекте заманбап авторлордун «Графика» көргөзмөсү өтөт
Шайлоо – 2021: Жогорку Кеңешке талапкерлерди каттоо күнү такталды
01.09.2021 | 12:56
Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен календардык планга ылайык, партиялар шайлоо күнү жарыяланган күндөн тарта документтерин тапшыра баштаса болот. Ал эми партия 14-октябрга чейин талапкерлердин тизмесин тактап БШКга өткөрүп бериши керек. Өзүн-өзү көрсөтүп чыккан талапкерлер болсо, 14-октябрга чейин тиешелүү документтерин тапшырышы зарыл.
Ошол эле маалда саясий жарышка катышууда баш тарткысы келген партиялар 18-ноябрга чейин, өзүн-өзү көрсөткөндөр 25-ноябрга чейин арыз калтырышы милдет.
Быйыл шайлоо аралаш шайлоо система менен өтөт. 54 депутат саясий партиялар менен (пропорционалдык система), калган 36 мандат округдардан өзүн-өзү көрсөткөндөр (можаритардык система) шайланышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат