Сырттан кумшекер, суу май ташыгандарга жеңилдик берилет

Сырттан кумшекер, суу май ташыгандарга жеңилдик берилет

Кумшекер, кант тростниги жана суу майды ташып келүүдөгү бажы пошлинасы, кошумча нарк салыгын албоо мөөнөтүн узартуу боюнча токтом долбоорун иштеп чыкканын министрлер кабинетинен билдиришти.

Бул аракет азык-түлүктүн бул түрлөрүнүн баасын арзандатуу үчүн көрүлүп жатат. Министрлер кабинети атайын жыйын өткөрүп, кант импорттоо үчүн бажы пошлинасы менен товарларга кошумча нарк салыгын нөл пайыз менен калтыруу мөөнөтүн 30-сентябрга чейин, суу майга бул мөөнөттү жыл аягына чейин калтырууну сунуштады.

Ушул жылдын 1-июлунан  тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон бир катар товарларга кошумча нарк салыгы убактылуу токтотулган. Анын ичинде 1-июлдан 31-августка чейин кумшекер жана өсүмдүк майы өлкө аймагына салык жана бажы төлөмдөрү жагынан жеңилдик алган.

“Өлкөгө ЕАЭБ жана үчүнчү өлкөлөрдөн кант импорттоону каалагандар Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 0312 623644, 0557 557529, 0995 754875 номерлерине кайрылса болот” —  дейт министрлер кабинети.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>