Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи боюнча фатва чыгарды

Аалымдар кеңеши турак жай кооперативи боюнча фатва чыгарды

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңеши коммерциялык эмес турак жай кооперативдеринин иш аракеттери боюнча фатва чыгарды. Бул туурасында Муфтияттан билдиришти.

Ал фатвада, «сүткорлук же сүткорлуктун элементтери, келечекте талаптардын талаш-тартышын жараткан жагдайлар болбошу керек. Кардар төлөмдү кечиктирген учурда төлөнүүчү жаза пул кооперативдин мүлкүнө берилбеши шарт; кооперативдин аманатты кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү бар экенине мамлекеттин кепилдиги болушу шарт. Жогоруда аталган шарттардын бири же бир нечеси болбогон учурда коммерциалык эмес турак жай кооперативи аркылуу турак жай же унаа сатып алуу шариятка туура келбейт, тыйылат”— деп айтылат.

Соңку күндөрү турак-жай кооперативдерден алданып калган жарандардын даттануулары көбөйгөнү байкалууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>