РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
«Газпром Кыргызстан» 30-сентябрда карызы бар абоненттердин газын өчүрөт
25.09.2026 | 10:54

«Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы 30-сентябрдан тартып жаратылыш газы үчүн карызы бар абоненттерге көгүлтүр отун берүүнү токтотот. Карызды 30-сентябрга чейин төлөө зарыл.
Газ өчүрүлгөндөн кийин аны кайра кошуу үчүн абоненттер карызын толугу менен жабышы шарт. Төлөмдү «Мой газ», «Мой дом» тиркемелери жана банктардын мобилдик тиркемелери (BAKAI, MBank ж.б.) аркылуу же эң жакын жайгашкан абоненттерди тейлөө офисинен төлөөгө болот. Газ карыз төлөнгөндөн кийинки эки-үч жумуш күндүн ичинде кайра берилет.
Суук түшкөн мезгилге чейин газсыз калбоо жана кошуу учурундагы узун кезектерди болтурбоо үчүн «Газпром Кыргызстан» абоненттерден карыздарын 30-сентябрга чейин толугу менен төлөп бүтүүнү өтүнөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: газ