Легендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келди

Бүгүн, 1-октябрда, белгилүү америкалык мушкер, бокс боюнча дүйнө чемпиону Рой Жонс Ош шаарына келди. Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.
Мушкерди «Ош» эл аралык аэропортунан шаар мэринин орун басары Эрнис Толтоев, Кыргызстандын Кесиптик бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов жана күйөрмандар салтанаттуу тосуп алышты.
Рой Жонс ушул тапта Ош шаарында өтүп жаткан бокс боюнча «World Boxing Championship Amateur TURKSOY» турнирине конок катары келүүдө.
Мелдеш ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен өткөрүлүүдө. Ага түрк дүйнөсүнүн өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден мушкерлер катышууда.
Рой Джонс — америкалык кесипкөй мушкер, 1988-жылкы Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси. Ал жарым оор салмак категориясында дүйнөнүн абсолюттук чемпиону болгон. Мындан тышкары, орто жана оор салмак категорияларында бир нече жолу дүйнө чемпиондугун жеңген.