Абайла сүрөт! Милиция табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт

Абайла сүрөт! Милиция табылган сөөктүн өздүгүн тактоого жардам сурайт

2021-жылдын 7-августунда Бишкек шаарынын М.Сагынбай жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 35-40 жаштар чамасындагы азиат түспөлүндөгү эркек адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Денеде зордук-зомбулуктун белгилери жок.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы РИИБге каттаган.

Белгилери: бою 180 см, орто дене түзүлүштө, мурду түз, бети сүйрү, чачы кара кыска, кашы жаа.

Кийген кийими: кочкул көк түстөгү күрмө, «Россия» деген жазуусу бар боз түстөгү көйнөк, кара спорттук шым, бутунда ак булгаары кроссовка.

Милиция сөөктүн өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурайт. Сүрөттөгү адам тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу кабарлашы керек: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0 (551) 088- 330 жана 102.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>