Сексуалдуу асылуу, шантаж. Аялдар интернетте зомбулукка дуушар болушат

Сексуалдуу асылуу, шантаж. Аялдар интернетте зомбулукка дуушар болушат

Кыз-келиндер интернетте онлайн зордук-зомбулуктан улам, өзүн-өзү чектөөгө аргасыз болушат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун баяндамасында айтылат.

Атайын сурамжылоого 700дөн ашуун респонденттер катышкан.

Онлайн мейкиндикте ар бир экинчи аял (48%) терс комментарийлерди жана троллингди козуткан деп айыпталган сексуалдык коннотацияга туш болушат. Алар киберкуугунтук (79%), сексуалдык асылуу, шантаж (68,3%), интимдик өч алуу (68,3%),  басмырлоо (82,2%) го кабылат.

Аялдарга көбүнчө  троллинг (43,9%), коркутуу же шантаж (39,7%), жек көрүү комментарийлери (37,6%) жазылат.

Анын кесепетинен кыздар ар кандай психологиялык жана эмоционалдык кесепеттерге (78,7%), айрыкча ачуулануу сезими (42,1%), ишенимдин төмөндөшү (41,5%), тынчсыздануу (38,7%) дуушар болот.

Сурамжылоонун жыйынтыгы аялдар жана кыздар жынысы боюнча санариптик зомбулукка дуушар болурун, онлайн мейкиндигинде гендердик теңсиздик бар экенин баса белгилейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>