Жогорку сот активист Адилет Балтабайга өкүм чыгырды

Жогорку сот активист Адилет Балтабайга өкүм чыгырды

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку сот «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» айыпталган активист Адилет Балтабайга өкүм чыгарды.

Отурумда соттук коллегияга активист Адилет Балтабайдан өтүнүч келип түшкөн. Анда активист Бишке шаардык соттун 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмүн жокко чыгарып, Биринчи май райондук соттун 3 жылдык пробация тууралуу чечимин күчүндө калтырууну суранган.

Сот кеңешме бөлмөсүнөн келгенден кийин шаардык соттун чечимин жокко чыгарып, райондук соттун пробация жөнүндөгү өкүмүн калтырды. Муну менен Адилет Балтабай эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулду.

Активисттин жактоочусу Нурбек Сыдыковдун айтымында, Адилет Балтабай эртең, 20-апрелде боштондукка чыгат.

Адилет Балтабайдын апасы Сайкал Жусунова уулунун камактан бошотуларына кубанып жатканын билдирип, уулун эркиндикке чыгарган сотторго ыраазычылык билдирди. Ошол эле, учурда ал уулу массалык башаламандыктарга чакырык жасабаганын, бүгүн болбосо, бир күнү уулу ак экенин далилдей аларына ишенерин айтты.

Эскерте кетсек, Адилет Балтабай 2022-жылдын 30-июнунда Биринчи май райондук милициясы тарабынан «массалык башаламандыктарга чакырык жасоого» шектелип кармалган. Ал кармалардан мурда Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына каршы болуп, митингдерге чыгып жүргөн.

2-сентябрда Адилет Балтабайга ачылган кылмыш иши боюнча биринчи отурум өтүп, 11-ноябрда ага өкүм чыгарылган. Биринчи райондук соттун чечими менен Адилет Балтабай 5 жылга соттолуп, ошол эле учурда 3 жыл пробациялык мөөнөт белгиленип, эркиндикке чыккан.

Быйыл 12-январда Адилет Балтабайдын иши Бишкек шаардык сотунда каралып, райондук соттун 3 жылдык пробациялык көзөмөл тууралуу чечими жокко чыгарылып, 5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм күчүндө калтырылган. Адилет Балтабай сот залынан камакка алынган.

Адилет Балтабай камалгандан кийин анын апасы президентка кайрылуу жасап, уулу күнөөсүз соттолгонун, ага карата иш боюнча адилеттүү чечим чыгышына жардам берүүнү суранган.

Шаардык соттун чечимине байланыштуу активисттин жактоочулары Жогорку сотко арыз таштап, анда Адилет Балтабайга чыккан мурдагы чечимдерди жокко чыгарып, толук актап берүү өтүнүчүн келтирген.

10-мартта активисттин апасы Сайкал Жунусова, жубайы Гүлкайыр Жапарова, тарапташтары Жогорку соттун жана УКМКнын алдында Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбаевге, президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>