Абакта жаткан “Бопу” коркутуп жарандардын акчасын алып турган (ВИДЕО)

Абакта жаткан “Бопу” коркутуп жарандардын акчасын алып турган (ВИДЕО)

Милиция Жалал-Абадда опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармады. Бул туурасында жергиликтүү милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 31-январь күнү Жалал-Абад облустук милицияга 44 жаштагы Аксы районунун тургуну “2022-жылдын 19-январынан тартып, өзүнө тааныш болгон «Бопу» аттуу бала абакта отуруп алып, бейтааныш болгон 4 баланы үйүнө жиберип, өмүрүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирген зомбулуктарды көрсөтөмүн деп коркутуп, 100 000 сом акча каражатын бересиң” деп опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Бул факты Жалал-Абад облустук Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде журналга катталып, кылмыш иши козголгон.

Милициянын ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын 1989-ж.т. тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон Л.А. жана Аксы районунун 1989-ж.т. тургуну К.А. кармалышып, 48 саатка УКИге киргизилген. Алар Аксы районунун аймагында жабырлануучудан 43 000 сом накталай акчаны опузалап талап кылып жаткан жеринен колго түшкөн. Шектүүлөргө өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан атайын белги коюлган акча каражаттары табылып алынган.

Азыркы учурда аталган кылмыш иш боюнча шектүүлөрдүн кылмыштуу шериктерин тактоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>