Абактагы Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экени аныкталды, — Акыйкатчы институту

Абактагы Махабат Тажибек кызынын денесинде тактар бар экени аныкталды, — Акыйкатчы институту

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 6-апрелде №1 тергөө абагына барып, жарандарды кармоо шарттары менен таанышуу максатында мониторинг жүргүзүп келишти. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мекенин кызматкерлери тергөө изоляторунда ур-токмокко кабылганы айтылып жаткан Temirov Live жана «Айт айт десе» долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана анын камералаштары  Н.Кудайбергенова жана К. Аранова менен сүйлөшүү жүргүздү. Махабат Тажибек кызы өз арызында аны менен бир камерада отургандар да тергөө абагынын кызматкерлери тарабынан сабалганын билдирген.

“Анын айтымында, 4-апрелде кечки текшерүү учурунда кызматкерлердин бири кармалып турган Н.Кудайбергеновага буюмдары менен сыртка чыгууну буйруган. Ал баш тарткан.

5-апрелде мекеменин кызматкерлери Н. Кудайбергенованы башка камерага которуу максатында  кайрадан буюмдары менен аны сыртка чыгуусун талап кылган. Ага байланыштуу конфликт болгон.

Аялга карата күч колдонуу болуп, Н.Кудайбергенованы күчтөп сыртка чыгарышкан. Мекеменин кызматкерлеринин версиясы боюнча кармалып турган аял каршылык көрсөткөн.

Махабат Тажибек кызын кароо учурунда эки колунда, бет-жаагы жагында (сол жак жаагы), сол жак колтук жагында көк-ала тактар бар экени аныкталган. Бул көк-ала тактарды фото/видеого тартууга мекеменин кызматкерлери макул болгон эмес, бул тууралуу акт түзүлгөн”, — деп айтылат Акыйкатчы институтунун маалыматында.

Институттун кызматкерлери мекемеге барган учурда, атайын прокуратуранын жана кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун өкүлдөрү да болгон. Атайын прокуратуранын маалыматы боюнча бул факт маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталды.

Жолугушууда Махабат Тажибек кызы жана К.Аранова укуктарын коргоп берүүсүн суранып Акыйкатчынын атына арыз жазышкан.

Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарды тергөө абагында отургандардын укуктарын камсыздоону жана аларга карата күч колдонуунун негиздүүлүгүн тыкыр иликтөөгө чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>