«Бийликти басып алууга ачык чакырыктарды тараткан»: УКМК Threads’тин колдонуучусун кармады«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуЖалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыялады
Абдил Сегизбаевдин дагы бир тарапташы кармалды
28.01.2021 | 14:47
28-январда Бишкекте УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин дагы бир тарапташы кармалды. Бул тууралуу Сегизбаевдин социалдык тармактарындагы расмий баракчасында маалымдалды.
Абдил Сегизбаевди коргоо комитетинин төрагасы, активист Адилет Балтабаев кармалды. Маалым болгондой, ал Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Сегизбаевдин жубайы бүгүн эртең менен кармалган. Ал Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар