Абдрахматова: президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катыша албайт

Абдрахматова: президенттин милдетин аткарган адам шайлоого катыша албайт

Президенттин милдетин аткаруучу болгон адам шайлоого катыша албайт.

Бул тууралуу «Конституция менен мыйзамдуу талаадан чыкпоо үчүн кандай кадамдарды тез арада, ынтымактуу аткарышыбыз керек?» деген суроонун алкагында Борбордук шайлоо коммиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова социалдык тармактарга жазды. Ал белгилегендей,  Жогорку Кеңеш 21-октябрга чейин шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизиши керек. Мыйзамга спикер Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу катары кол коюп, жарыялашы керек.

Ошондой эле, БШК 22-октябрдан кеч калбай, ЖКнын депутаттарын кайтадан шайлоосун 20-декабрга дайындаш керек (ЖКнын беш жылдык иштөө мөөнөтүн сактоо үчүн ж.о.э. Конституциянын 70, 71-беренелери, Конституциялык мыйзам 38, 63-беренелери).

Мындан тышкары, парламент 22-октябрдан кечиктирбей президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 17-январга дайындашы керек. Ал эми президенттин милдетин аткаруучу болгон адам президенттик шайлоого катыша албайт, — деп жазылат Абдрахматованын маалыматында.

Атыр Абдрахматова Канат Исаев президенттин милдетин аткаруучу катары Конституциянын 64-беренесинин, бешинчи бөлүмүнүн экинчи пунктуна ылайык, президенттик квотасы менен келген БШКнын төрт мүчөсү – Шайлдабекова, Асаналиев, Баатырова жана Кадыровду кызматынан бошотуу боюнча сунушту ЖКга киргизип, алардын ордуна көз карандысыз жаны мүчөлөрдү кызматка көрсөтүү керек деп кошумчалады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>