Аброр Хакимов Түркиядагы мелдеште алтын курга ээ болду – сүрөт

Аброр Хакимов Түркиядагы мелдеште алтын курга ээ болду – сүрөт

Милициянын кайгуул кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн мелдеште алтын курга ээ болду, деп билдирет Ош ШИИБдин МККБнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Аброр Хакимов Түркияда өткөн WAKO PRO мелдештинде 71 кг салмактагылар арасында кикбоксинг боюнча чемпион болду. Аны «Ош» эл аралык аэропортунан Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери, Ош шаардык спорт комитетинин өкүлдөрү тосуп алышты. Кайгуул кызматынын жетекчилиги Аброр Хакимовду жеңиши менен куттукташты.

«Аброр Хакимов Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын саптык батальонунун 2-взводунун кызматкери. Ал профессионал мушкерлер арасында Түркияда өткөн кикбоксинг боюнча мелдешке Кыргызстандын атынан катышып, алтын курду уткан. Аны аэропорттон тосуп алып, жеңиши менен куттукташты», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>