Бишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырдыАскер прокурору Кытайдын атташеси менен аскердик кызматташтыкты талкууладыЕвропадан Кыргызстанга велосипед менен келген саякатчылар Бишкекке жетти
Аксыда кичи ГЭСтин курулушу башталды
03.08.2022 | 15:22
Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кичи ГЭСтин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Кичи ГЭС Тосту айылынын Сай-Конок тилкесинде салынууда, анын кубаттуулугу 500 кВт болот. Аны быйыл декабрь айында пайдаланууга берүү пландалууда.
Кичи ГЭСтин курулушуна инвестицияны кыргызстандык Нурланбек Ормонов салган.
Курулуштун сметалык баасы 720 миң долларды түзөт.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом