Өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында бир айлык жарыяланды

Өлкөдө адам укуктарын коргоо жаатында бир айлык жарыяланды

10-декабрда Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынган күнүнө 75 жыл толуп, ага карата Кыргызстанда бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Акыйкатчы Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары Жалпы декларациянын баардык нормаларын аткаруу боюнча милдеттеме алганын баса белгиледи.

“Кыргызстандын Конституциясына ылайык, адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдир бирөөнүн кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.
Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирет. Алар түздөн-түз колдонулат, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт”, — деп баса белгиледи Жамиля Жаманбаева.

Башкы укук коргоочу Акыйкатчы институту өзүнүн мандатына ылайык, адамдын жана жарандын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин жана анын юрисдикциясынын чектеринде сакталышын коргоого баардык чараларды кабыл алаарын белгилеп өттү. 

“Биз өлкөбүздө ар бир жарандын укуктары кыйшаюсуз сакталышы керек экенин ар дайым билүүгө милдеттүүбүз”, — деп билдирди Акыйкатчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>