Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 180ден ашык мамкызматкер иштен алынды

Көлбаев жана Матраимов менен байланышы бар 180ден ашык мамкызматкер иштен алынды

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун жана Райымбек Матраимовдун мафиясынын мүчөлөрү менен байланышы бар мамлекеттик органдардын 180ден ашуун кызматкери кызматынан бошотулду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, териштирүү иштери учурунда Камчы Көлбаев жана Райымбек Матраимовдун мафиясы менен тымызын байланышта болгон 226дан ашык ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлер аныкталган. Алардын ичинен 180ден ашык адам ээлеген кызматынан четтетилген жана бошотулду.

УКМКнын маалыматы боюнча бир эле бажы кызматында аталган эки адамдын мафиясы менен байланышы бар 85 кызматкер аныкталып, анын ичинен 76 кызматкер иштен бошотулган. Ички иштер министрлигинде 26 кызматкер аныкталып, алардын ичинен 14 кызматкер кызматтык милдеттерин аткаруудан четтетилди. Жергиликтүү кеңештин 6 депутаты мандатын тапшырды. Ошондой эле 65 кызматкер райондук мамлекеттик администрациядан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка министрликтер менен ведомстволордо иштеген бир катар кызматкерлер кызматынан бошотулду.

«Учурда аныкталган башка мамлекеттик кызматкерлер боюнча тиешелүү кошумча иштер улантылууда.

Биздин мамлекеттик органдарды абийирсиз, жеке кызыкчылыгын көздөгөн, ниети бузук кызматкерлерден тазалоо боюнча ушундай иштер мамлекеттин турмушунун бардык тармактарында мындан ары да жүргүзүлө берет», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Көлбаев каза болгондон кийин УКМК аны менен байланышы бар деген бир нече адамды кармап, аларга кылмыш ишин козгогон.

2020-жылы Райымбек Матраимов бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган. 2021-жылы Биринчи май райондук соту аны «коррупцияга» күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып салган. Матраимов камактагы жазадан бошотулган. Аны менен бирге ал мамлекеттин эсебине 2 млрд сом кайтарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>