Адам уурдап, көрүстөнгө алып барып, айфонун тартып алгандар кармалды

Адам уурдап, көрүстөнгө алып барып, айфонун тартып алгандар кармалды

2021-жылдын 12-сентябрында М.М. аттуу жаран 1300 долларлык «iPhone 12» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ошол эле күнү саат 03:00 чамасында Чортеков-Күйүкова көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде физикалык күч колдонуу менен ачык эле тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Андан кийин аны күч менен белгисиз маркадагы унаага отургузуп, шаардын четиндеги көрүстөндөрдүн бирине алып барып кол салышкан.

Бул факты Бишкек шаарынын Ленин РИИБне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 201-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-бөлүмү (Каракчылык) жана 170-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-бөлүгү (Адам уурдоо) менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Тергөө иш-чараларынын негизинде кылмышка шектүүлөр 1999-жылы туулган А.Н. жана 1997-жылы туулган К.Б кармалган. Алар тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Ленин райондук соту шектүүлөргө карата эки айга СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын аныктады.

Учурда кармалгандардын кылмыштын башка фактыларына катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>