Адвокат: Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот уланды

Адвокат: Текебаев менен Чотоновдун иши боюнча сот уланды

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту уланды.

Адвокат Чынара Жакупбекова бүгүнкү отурумда далилдер менен таанышуу процесси уланганын билдирген. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

«Азыр иштин материалдарын изилдөө жүрүп жатат. Бир жумадан кийин жарыш сөзгө өтөбүз».

Соттун кийинки отуруму 3-декабрга белгиленди.

Текебаев жана Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Сот жараянын эки саясатчы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин куугунтугу катары баалап жүрүшөт.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана эки саясатчыны үй камагына бошоткон.

Иш райондук сотто кайра каралууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>