Адвокат: ЖАМК мыйзам менен иштесе Жапаров абактан чыкмак

Адвокат: ЖАМК мыйзам менен иштесе Жапаров абактан чыкмак

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы мыйзам менен иштегенде Садыр Жапаров жатак абакка чыкмак. Бул тууралуу анын жактоочусу Шарабидин Токтосунов фейсбуктагы баракчасына жазды.

Жактоочунун айтымында, мурдагы Кылмыш жаза кодексиндеги 16-берене (“Өнөкөт кылмыштар”) жаңы мыйзам күчүнө кирген соң жокко чыгарылган. Мунун негизинде Жапаровго карата козголгон өзгөчө оор кылмыш иши оор кылмыш болуп өзгөргөн.

Токтосунов кошумчалагандай, жаңы Жазык кодексиндеги 12-берененин (“Жазык мыйзамынын өткөн мезгилге карата колдонулушу”)  талабына ылайык абакта отургандарга кайсыл мыйзам жеңилдик алып келсе ошол мыйзам колдонулат.

“Эски мыйзам боюнча оор кылмышты жасаган адамдар жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгүн өтөгөн болсо жатак абагына, ал эми 2/1 бөлүгүн өтөсө мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулууга жатат деп көрсөтүлгөн. 2020 жылдын 5-февралында Жапаров жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгүн өтөп бүтөт. Ал жатак абагына чыгыш керек. Ал эми 2014-жылдын 27-январындагы мунапыс Жапаровго колдонулса, анын жаза мөөнөтүнүн 3/1 бөлүгү кыскартылмак. Эгер колдонулса Жапаров мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулуш керек. Деги эле Жапаровдун күнөөсү тергөө жана сот тарабынан далилденген эмес. Жабырлануучу деп табылган Эмилбек Каптагаев өзү күнөөсү жок акталсын деп талап кылып жатат. Жапаровдун иши жаңы ачылган жагдайлар менен каралып ал акталыш керек. Эгер мыйзам ченеминде иш алып барышса ушундай жыйынтык болмок”, — деп жазган ал.

Буга чейин экс-депутаттын жактоочулары Жапаровдун түзөтүү колониясындагы мөөнөтү 2020-жылдын 5-февралында аяктап, 6-февралдан тарта жатак абагына чыгарыларын айтышкан.

Ал эми ЖАМК Жапаровдун камактагы жаза өтөө мөөнөтү 2026-жылдын 5-октябрында аяктай тургандыгы тууралуу маалымат тартты.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>