Никол Пашинян эгер Арменияны ЖККУдан чыгарышса, буга ыраазы болорун билдирди — толугураакCYBERNOMAD FEST 2026: Бишкекте киберкоопсуздук боюнча улуттук фестиваль өтөтБишкектин 9-кичи районунун бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтКытай жана Тажикстан менен чектеш чек арадан сертификаты жок жашылчалар жана көчөттөр артка кайтарылуудаКыргызстан 2026-жылы жалгыз саякаттоо үчүн дүйнөдөгү эң мыкты өлкө деп табылды«Кыргызстандын тоолорунан Ааламды карай алдыга». Астроном Сурдин — кара тешиктер жана убакыт боюнча саякат тууралуу
Садыр Жапаров Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышына эмне роль ойногонун айтып берди
05.06.2026 | 10:27

Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышында чек ара маселелерин чечүү маанилүү роль ойноду, деп билдирди өлкө президенти мамлекеттик маалымат каражатына берген маэгинде.
Жапаров «Борбор Азиядагы чек ара маселесин чече алганыбыз» көптөгөн өлкөлөр үчүн күтүүсүз болгонун кошумчалады.
«Башка аймактарда аймактык талаш-тартыштар, жаңжалдар жүрүп жатат, ал жакта адамдар ачка калып, набыт болууда. Дүйнөнүн тең жарымы согуштун кучагында калды. БУУда бизде дагы жер талаштары улана берет деп ойлошкон. Бирок биз биригип, маселени сүйлөшүү жолу менен чечтик. Муну бүт дүйнө жүзү көрдү. Ошондуктан бул фактор абдан маанилүү роль ойноду», — деди Кыргызстандын башчысы.
Жапаровдун айтымында, Кыргызстан БУУнун Жаргысын (Уставын) өзгөртүү демилгеси менен чыгууну көздөп жатат жана бул үчүн президент республиканын Коопсуздук кеңешине өтөрүнө толук ишенип, тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүүнү алдын ала тапшырган.