Афтандил Жоробеков камакта калып, кылмыш иши сотко өттү

Афтандил Жоробеков камакта калып, кылмыш иши сотко өттү

Камактагы активист Афтандил Жоробековдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү.

Reporter.kg’ге Бишкек шаардык сотунан билдиришкендей, иштин материалдары Ленин райондук сотуна түшкөн. Биринчи отурум 29-февралда саат 10:00до өтөт.

Ошондой эле Жоробековдун бөгөт чарасы узартылып, ал 13-апрелге чейин камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, былтыр Кыргызстандын туусун өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөндө, коомчулук, анын ичинде бир катар активисттер ал ойго каршы чыккан. Алардын арасында автивист Афтандил Жоробеков да бар. Жоробеков тууну өзгөртүүгө каршылыгын билдирүү үчүн тынчтык акцияларды уюштурарын жарыялаган. Алгач ал 2-декабрда автожүрүш өткөрүүгө аракет кылган. Бирок милиция кызматкерлери акция өткөрүүгө жолтоо болгон.

Андан кийин ал 9-декабрда Бишкектин Горький сейил багында тынчтык митингин уюштурууну пландаган. Бирок ага жетпей эле 7-декабрда активист милиция тарабынан кармалган. Жоробековго “массалык башаламандыктарга чакырык жасоо” беренеси боюнча айып тагылган.

Жоробековдун кармалганына карабай 9-декабрда тууну өзгөртүүгө каршы митинг өткөн. Митингде эч кандай мыйзам бузуулар болгон эмес.

Туунун өзгөрүүсүнө каршы митингде Афтандил Жоробековду бошотуу талабы айтылды (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>