Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну токтотуу пландалууда (видео)

Өлкөдө мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну токтотуу пландалууда (видео)

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну токтотуу пландалууда. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Reporter.kg′ге курган маегинде билдирди.

Алиев белгилегендей, учурда аялдар жаш курагы боюнча 58 жана эркектер 63 жаштан пенсияга чыгат. Бирок эркек кишилер 40 жылдык стажы болсо, 60 жаштан, аял кишилер 35 жыл стажы болсо, 55 жаштан пенсияга чыга алат. Эми Соцфонд ал нерсени токтотууну пландоодо. Бирок пенсияга чыгуу боюнча жаш курак көтөрүлбөйт.

Ошондой эле аталган өзгөртүүнүн жеңилдик боюнча мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандарга тиешеси жок.

«Жеңилдик менен пенсияга чыккандарга тийишпейбиз. Аларга бийик тоолуу шартта, алыска аймактарда жашагандар, көп балалуу энелер кирет. Бул өзгөртүүлөрдүн аларга тиешеси жок. Алар мурда пенсияга кандай чыгып жатса, ошол курак боюнча эле пенсияга чыга берет», — деди Алиев.

Алдыдагы өзгөрүүлөр, 13-пенсия. Соцфонддун төрагасы менен маек (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>