Туунун өзгөрүүсүнө каршы митингде Афтандил Жоробековду бошотуу талабы айтылды (видео)

Туунун өзгөрүүсүнө каршы митингде Афтандил Жоробековду бошотуу талабы айтылды (видео)

Бишкектеги М. Горький атындагы паркта өткөн митинг жыйынтыкталды.

Ага катышкандар Жогорку Кеңештин мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыгышты.

«Мамлекеттин байрагы өзгөрүүсүз калыш керек. Эгер ал жаңыланса анда диктатуранын туусу болот», — деди мурдакы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.

Акциянын катышуучулары милиция тарабынан кармалып, 2 айга камалган активист Афтандил Жоробековдун боштондугун талап кылды.

Белгилей кетсек, Афтандил Жоробековго «бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө жана массалык башаламандыкка чакыруу» жүйөөсү менен иш козголду.

Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов депутаттарды экинчи окууда элдин үнүн эсепке алуу менен чечим чыгарууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>